• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кадамжайда 2 бала бакча жана 60 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Кадамжай районундагы жеке менчикке алынган социалдык объектилер жана айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүүнү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы социалдык инфраструктура объекттерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, КР УКМК тарабынан социалдык инфраструктура объектилерин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетүүнү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын аймагындагы бала бакча имараты менен жалпы аянты 0,45 га жер тилкесин сатуу фактысы аныкталды.

Буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имараты кароосуз калып, өз багыты боюнча пайдаланылбай келген, бул бала бакчалардын жетишсиздик абалын курчуткан. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесинин ээси өз ыктыяры менен Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын муниципалдык менчигине болжолдуу баасы 19 млн 236 миң 400 сом болгон жер тилкеси менен бала бакча имаратын кайтарып берди.

Мындан тышкары, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 0,27 га, болжолдуу баасы 30 млн 422 миң сом болгон жанаша жер тилкеси менен мыйзамсыз менчиктештирилген балдар бакчасы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын балансына кайтарылды.

Ошондой эле менчик ээси тарабынан ыктыярдуу негизде Масалиев жана Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жалпы көлөмү 60 га айыл чарба багытындагы, баасы 1 млрд 877 млн 581 миң 100 сомдук жер тилкелери муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тиешелүү текшерүү иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий