• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кадамжайда курулуш материалдарын чыгарган 3 ишкана ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Кадамжайда курулуш материалдарын чыгарган 3 ишкана ишке кирди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей төмөнкү ишканалар күн мурун пайдаланууга берилди:

  • Ак-Турпак айыл аймагындагы темир бетон заводу. «Мурзакарим» ЖЧК тарабынан курулган ишкананын кубаттуулугу суткасына 130 даана пол плиталарын, электр мамылар, лотоктор, канализация шакекчелери сыяктуу курулуш материалдарын чыгарат. Ошондой эле суткасына 120 тонна шагыл чыгарат. Өндүрүш ишканасынын ишке берилиши менен 30 жумушчу орун түзүлдү. Заводду ишке киргизүүгө 555,9 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салынган.
  • Исхак-Полотхан айыл аймагында таш майдалоочу цехи. «Мега Стоун Ресурс» ЖЧКсынын таш майдалоочу цехи саатына 100 тонна майдаланган шагыл чыгарат. Заводду ишке киргизүү үчүн 300 миң АКШ доллары инвестицияланган. Жергиликтүү 15 тургун жумуш менен камсыз болгон.
  • Үч-Коргон айыл аймагындагы “Алтын аска” таш майдалоо жана бетон чыгаруучу ишкана. Өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 150 тонна шагыл, саатына 60 куб метр бетон чыгарат. Заводго 500 миң АКШ долларын түзгөн инвестиция салынып, 20 жумушчу орун түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий