• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кадамжайда милиция кызматкерлерине шайлоо учурундагы мыйзамдуулук боюнча окутуулар болду

Аймак 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Кадамжайда милиция кызматкерлерине шайлоо учурундагы мыйзамдуулук боюнча окутуулар болду. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алгач Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Равил Ниязбеков Кадамжай РИИБдин өздүк курамына КР президентинин "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо" жөнүндө жарлыгы менен тааныштырды.

Андан кийин милиция кызматкерлеринин шайлоо мезгилиндеги милдети, шайлоо учурундагы добуш сатып алуулардын алдын алуу, кызматкерлердин шайлоого аралашпоосу жана шайлоого катышкан талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзбөө боюнча кенен түшүндүрүп, нускамалар берилди.

Ошондой эле шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда жер-жерлерде КР мыйзамдарынын так сакталышы эскертилип, мыйзамдарда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүү иштери өткөрүлүп, жыйындын соңунда суроо-жооптор орун алды.

Пикир

Оставить комментарий