• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн аңчылык куралдар алынды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Кадамжайда мыйзамсыз сакталып жүргөн аңчылык ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук милициясынын Ж.Садиров атындагы Бүргөндү айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо 3-январь күнү Кыргыз-Кыштак айылынын 2 тургуну ок атуучу куралын көтөрүп жүргөнү белгилүү болгон.

Текшерүү иштеринин негизинде 2даана 16калибрлүү сайсыз ок атуучу куралдын эч кандай документтери жок мыйзамсыз көтөрүп жүргөндүгү аныкталган.

Бул материал Кадамжай РИИБине катталып, мыйзамсыз сакталып жүргөн куралдар алынган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий