Кыргызстанда бир суткада 2 адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 2 адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "112" кызматына Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында мектептин жанындагы сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, 1965-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында (Химия тилкеси) дренаждык арыкта эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, ал 1985-жылы туулган К.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Куткаруучулар сөөктү чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий