• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кадамжайда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Кадамжай районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, күн мурун нөшөрлүү жаандан улам Кадамжай районунун Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум-шагылга толтурган. Ошондой эле 7 турак үйдүн жер төлөсүнө, 23 бакчага сел суулары кирген.

Жеринде 10 куткаруучу сууну сордуруу жана сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүздү. Ошондой эле сел жүргөн аймакка ыкчам топ, жергиликтүү бийликтин 7 өкүлү, онго жакын атайын техника тартылып, сел кесепеттерин жоюу иштерин аткарып жатат.

Селден жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий