Кадамжайда туура эмес диний агымдарга чакырык жасаган 5 факты катталды

Аймак 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Кадамжай районунун алыскы аймактарында милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун борборунан 25 км алыстыкта жайгашкан тоолуу Тамаша айылындагы №13 Акжол Камбаров атындагы орто мектебинде билим алып жаткан мектеп окуучулары менен Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жолугушту.

Жолугушууда окуучуларга баңгизаттардын зыяндуулугу, Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик, терорристтик уюмдарынын идеологиясына берилип кетпөөсү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте куракта никеге турууга мыйзам жол бербеши боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 11 ай ичинде Кадамжай районунун аймагында туура эмес диний агымдарга кирип түрдүү чакырыктарды жасап жүргөн 5 факты катталган.

Пикир

Оставить комментарий