• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кадамжайда жаңы көмүр кени ачылды

Аймак 0

Бишкек, 31.12.24. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында “Табышкер” көмүр кени ишке кирип, көмүр казууга даярдыктар жүрүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ишкана ачык ыкма менен жылына 440 тонна көмүр өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Алдыда жер астынан кен казуу да пландалган.

Кенди иштетүүгө 2 млн АКШ доллар каражаты инвестицияланууда. Биринчи этапта 50 жумушчу оруну түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган жайда 3 млн 246 миң тонна көмүрдүн кору бар экендиги аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий