• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Кадамжайда жеке нотариалдык контора ишеним каттарды мыйзамсыз берип келген

Аймак 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунда жеке нотариалдык контора тарабынан мыйзамсыз ишеним кат берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, Кадамжай районунун жеке нотариалдык конторасы, А.А.Э. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранына катталып, анын Т.Г.С. аттуу жубайы лицензиясы жана уруксаты жок нотариалдык иш-аракеттерди мыйзамсыз берүү жана бурмалоо фактылары аныкталды.

Бул факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 248-беренеси ("Жеке нотариустардын, аудиторлордун, эксперттердин же баалоочулардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий