• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял каза болуп, 4 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Кадамжайда жол кырсыгынан бир аял каза болуп, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 147-чакырымында (Ноогардан айылы) "Ауди" жана “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, натыйжада 1955-жылы туулган Ф.Ы. аттуу аял каза болуп, 4 адам жабыркаган. Алар: 1988-жылы туулган Д.З., 1952-жылы туулган Ф.Т., 1988-жылы туулган Ф.Ү. жана 2018-жылы туулган Ө.М.

Тартылган куткаруучулар каза болгон адамдын сөөгүн унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине, ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий