• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кадамжайдагы психоневрологиялык стационардык мекемесинде мыйзам бузуулар аныкталды

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.24. /Кабар/. 2024-жылдын 21-ноябрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери Кадамжай психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып, бир катар мыйзам бузуулар аныкталган.

Аталган мекемеден билдиришкендей, мекемеде температуралык режим сакталган эмес. Стационардын коридорлорунда абанын температурасы болгону +5°С, уктоочу бөлмөлөрдө +11°Сден +13°Сге чейин. Мындан улам ал жердеги бейтаптар мекеменин ичинде сырткы кийим жана баш кийим менен жүрүүгө аргасыз болуп, уктоочу бөлмөлөрдөгү төшөнчүлөр антисанитардык абалда болгон.

Белгилей кетсек, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык бөлмөнүн температурасы +18°Сден +24°Сге чейин болушу керек.

Ошондой эле, тамак-аш боюнча да кемчиликтер аныкталган. Ашкананын кызматкерлеринин айтымында, кампадан жыйырма килограмм чийки эт алынганы менен иш жүзүндө сегиз килограмм гана эт кошулуп бейтаптарга тамак даярдалат.

Мындан тышкары, ашкананын бир кызматкеринин медициналык текшерүүдөн өттү деген маалымкаты жок болгон.

Белгиленген фактылар боюнча протокол түзүлүп, тиешелүү органдарга жиберилет.

Пикир

Оставить комментарий