• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кадамжайдагы Жийделик – Ак-Кыя жолуна асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.07.24. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы эл аралык мааниге ээ болгон Жийделик – Ак-Кыя жолуна асфальт төшөлүүдө.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, узундугу 12 чакырым болгон жол, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында республикалык бюджеттин эсебинен реконструкцияланып жатат.

Курулуштун жүрүшүндө 12 чакырым аралыкка жөө адамдар жүрүүчү жол жана үч мектептин алдына жол чырактар да курулат. Жол кыргыз-өзбек жарандары эң көп каттаган жол болуп саналат. Эки өлкө жарандары Өзбекстандын Шахимардан аймагына жана Кыргызстандын Дугаба, Курбан-Көл эс алуу аймагына катташат.

Жолдун курулушунан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбекстандын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров кабар алышып, чектеш жашаган кыргыз-өзбек эли үчүн, бул жол өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий