• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

"Кадастр" мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкерине айып тагылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Өзгөн районунун мурдагы айыл өкмөт башчысынын иши боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкерине айып тагылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Өзгөн районунун кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарга карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Аталган фактынын негизинде 2024-жылдын 18-майында Өзгөн районунун "Жылалды" айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Өзгөн райондук филиалынын мурдагы жетекчиси – А.Р.Т. кармалган.

Мындан тышкары, өзүнчө козголгон кылмыш ишинин алкагында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынын 6 кызматкери К.З.К., Т.Т.Т., Б.М.А., А.К.М., Э.А.Д., Э.А.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий