• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кадыралиев: Кыргызстанда жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу ички авиакаттамдардын ачылышы жагымдуу көрүнүш

Коом 0

Бишкек, 14.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу ички авиакаттамдардын ачылышы жагымдуу көрүнүш. Бул тууралуу туризм боюнча серепчи Күлчоро Кадыралиев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, туризмдин өнүгүүсү үчүн эң башкы фактор өлкөдөгү саясий туруктуулук болуп саналат. Андан кийин эле инфраструктура, анын ичинде унаа жолдор, жатакана, тамак-аш, туристтик объектилер кирет. Бул жагынан алганда Asman Airlines мамлекеттик компаниясынын ички каттамдарынын ачылышы, албетте Кыргызстандын ички туризминин өнүгүүсүнө чоң салым кошмокчу.

"Бул окуянын аркасында өлкөдө жагымдуу артыкчылыктар жаралып жатат. Биринчиден, туристтердин убактысынын үнөмдөлүүсү. Мисалы, буга чейин биздин туристтер Бишкектен Караколго баруу үчүн 5 саат убакытын коротсо, мындан кийин жолго болгону бир сааты гана кетип, 4 саатын үнөмдөшөт. Ал эми ошол төрт саатын башка туристтик объектилерди кыдырууга кетирип, ички экономикабызга салым кошот. Экинчи артыкчылык бул туристтер үчүн ыңгайлуу транспорттун пайда болуп жатканын айтып кетет элем. Буга дейре жүргүнчүлөр, анын ичинде туристтерибиз Бишкектен башка аймактарга баруу үчүн 5 сааттан 10 саатка чейин транспортто жүрүшсө, эми учактар менен 1 саат ичинде бүт региондорго жетүү идеясы жагымдуу болот деп ойлойм", - деди Күлчоро Кадыралиев.

Ошондой эле ал үчүнчү артыкчылык катары мында авиабилеттердин бааларына токтолуп өттү.

"Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, билеттер 2 миң сомдон башталат деп айтылууда. Карап көрсөк, Бишкектен алыскы региондорго жүргүнчүлөр ушул баадагы жол кире менен кетишет. Бул баа менен алар утушка да ээ болуп, экономикалык жактан да жеңишет.

Акыркы артыкчылык бул Кыргызстандын туризмине тиешелүү болмокчу. Эгер туристтер регионалдык туризмге салым кошо башташса, алар жергиликтүү кызмат көрсөтүүчүлөрдүн түзмө-түз транспорт, гид, жатакана кызматтарын колдоно баштайт. Ошону менен биздин туризм регионалдуу деңгээлде өнүгө баштайт", - деп белгиледи серепчи.

Кадыралиев пикиринде, муну менен кошо жалпы Кыргызстандын туризминин имиджи да өсө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий