• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Кайгуул кызматы: терезесин мыйзамсыз караңгылаткандарга 22 миң жана 44 миң сомдон айып пул салынат

Коом 0

Бишкек, 07.05.22. /Кабар/. Мындан ары автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алган жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 22 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 40 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы билдирет.

Кайгуул кызматы мындан ары жаңы өзгөртүүгө ылайык, автоунаасынын терезелерин атайын мыйзамсыз күңүрттөп, караңгылатып алган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлгөндүгүн эскертет.

"Иындан ары терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган айдоочулар Укук бузуулар кодексинин 194-берененин 3-бөлүмүнө ылайык, автоунааны убактылуу айып короо жайына токтотуу менен жеке жактар 22 миң сом ал эми юридикалык жактар 40 миң сом айып төлөшөт. Андыктан бардык айдоочуларга мыйзамга каршы иш кылбай, жол эрежесин так сактоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий