Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” КР мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Иманалиев Кайрат Олжобаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Кайрат Иманалиев УТРКнын башкы директору кызматынан бошотулду
09/03/23 15:09 Кадр саясаты 0
Пикир
Оставить комментарий