• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

"Кайыңды нан кабыл алуу пункту" мамлекетке кайтарылды

Укук тартиби 0


Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери жалпы аянты 3,4 га болгон "Кайыңды нан кабыл алуу пункту" имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүп берип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра саткандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 млн 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий