Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Нурлан Кайыңбаев КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведмствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн аппаратынын траспорт, курулуш жана коммуникация бөлүм башчысынын орун басары Канат Сагынбаев министрдин жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.
Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду, өкмөт башчынын башка буйругу менен Талантбек Солтобаев КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Пикир
Оставить комментарий