• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

Калининградда КР жарандарына пилоттук негизде консулдук кызматтар көрсөтүлө баштады

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. 2024-жылдын 25-октябрынан тартып Самара шаарында "ВиЭф Сервисес" ЖЧКсынын сервистик борбору аркылуу Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, "ВиЭф Сервисес" ЖЧКсынын сервистик борбору Калининград шаары, 1812 көчөсү, 126 дарегинде жайгашкан.

Пилоттук долбоордун алкагында Кыргызстандын жарандары аталган сервистик борбор аркылуу төмөнкү консулдук кызматтарды ала алышат:

  • колдонуу мөөнөтү аяктаган КР жаранынын ID-картасын, жалпы жарандык паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн, ошондой эле аталган документтер бузулган же жоголгон учурларда кайра алуу;
  • Кыргыз Республикасына кайтып келүү күбөлүгүн алуу;
  • социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди (анын ичинде никелешүү укугу жөнүндө, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган, КР аймагында соттолбогондугу жөнүндө жана башка маалымкаттарды) суратып алдыруу.

Жогоруда көрсөтүлгөн консулдук кызматтарды алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин веб-сайтынын “Консулдук маселелер” бөлүмүнөн таанышууга болот.

Сервистик борбордо документтерди кабыл алуу төмөнкү телефондор аркылуу алдын-ала жазылуу жолу менен, ошондой эле жазуусуз кабыл алынат: +7 (921) 329 00 68 (Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 (Колл-центр). Документтерди сервистик борборго тапшыруу үчүн акы төлөнөт.

Бүгүнкү күнгө карата, төмөндөгү даректерде жайгашкан сервистик борборлор аркылуу аталган консулдук кызматтарды алууга болот:

  • Москва ш., Каширское шоссе, №3, 2-корп., 9-стр. дарегинде жайгашкан «Сириус Парк» Бизнес-борбору;
  • Краснодар ш., Академик Павлов көч, 64.
  • Самара ш., Мичурин көч., 78, 2-кеңсе;
  • Калининград ш., 1812 көч., 126.

Ошону менен бирге министрлик Россиянын аймагындагы КР дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук кызматтарды көрсөтүү кадимки тартипте жана толук көлөмдө ишке ашырыла тургандыгына Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн бурат. Сервистик борборлор чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү үчүн альтернатива катары сунушталат.

Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы №62 токтомуна ылайык ишке ашырылып жатат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик (консулдук) кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий