• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Калкты сугат суу менен камсыздоо механизмдерин өзгөртүүгө мезгил жетти – депутат

Коом 0

Бишкек. 30.04.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети республикадагы керектөөчүлөрдү сугат суусу менен камсыздоо, ички чарбалык каналдарды тейлөөнү жакшыртуу маселеси боюнча Ош облусуна көчмө жыйын өткөрүп келишти. Көчмө жыйын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагындагы чарбалык суу каналдары менен Суу пайдалануучулар ассоциациясына (СПА) тиешелүү каналдардын абалы менен таанышуудан башталды.

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев департаментке тиешелүү 5 миӊ км чамасындагы ички чарбалар аралык каналдарды тазалоо, гидро-техникалык курулмаларын оӊдоп-түзөө иштери дээрлик бүткөрүлгөндүгүн белгиледи. Ал эми аталган райондогу СПАларга тиешелүү 20 миӊ км чамасындагы каналдардын айрымдарын реабилитациялоого 2004-жылдаы алынган насыялар эмдигиче төлөнүп бүтө элек. Насыянын туумдары негизги суммадан ашып кеткен жагдайлар дагы бар.

Эл өкүлдөрү мындай жагдайга «Маз-Айкал» СПАсынын мисалында күбө болушту. СПА өкүлдөрү наыянын төлөө мөөнөтүн узартууну өтүнүштү. Отуз-Адыр айыл аймагынын башчысы Таалайбек Туйбаев каналдар СПАларга тиешелүү болгону менен эл сугат суу менен камсыздоону баары бир айыл өкмөттөн талап кылышаарын, тагыраак айтканда, акыры аягы баары бир айыл өкмөттөргө күч келерин айтып, андай шартта каналдарды айыл өкмөттүн астына өткөрүү керектигин сунуш кылды.

Комитеттин көчмө жыйынына чакырылган Нарындын Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова айыл өкмөттөрдө карыздарды төлөтүүгө мыйзамдык рычаг жоктугун билдирип, дегеле сугат суу менен камсыздоо боюнча аныкталган бир бирдиктүү саясат, жоопкерчиликтүү орган керектигин баса белгиледи.

Натыйжада оӊдолуп-түзөлбөгөн ички каналдарда суунун жоготуусу 50%дан ашып, сугаруу сезонунда сугат суусу керектөөчүлөргө жетпей, дыйкандар өстүргөн өсүмдүктөрүнөн баар таба алышпай келет.

Күндүн экинчи жарымында аталган комитеттин отуруму болуп, комитет төрагасы Айтмамат Назаров сугат суусу менен камсыздоодогу жетишсиздиктер боюнча бир топ кайрылуулар келип түшкөндүктөн, тармактык комитет маселени жеринде барып көрүп, тиешелүү тараптар менен көйгөйдү чечүү жолдорун талкуулоо үчүн көчмө жыйын өткөрүү максатында келгендигин ачыктады.

Жыйын жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн астындагы Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Суу чарба боюнча инспекциясынын башчысы Сейдакмат Артыкбаев жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде бүгүнкү күндө СССРден калган сугат суу каналдарынын 20%ы гана ортодон жогору деп табылгандыгын маалымдады.

Анын айтымында, СПАлар өз алдынча өнүгүп кеткен жок. Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев сугат суу менен камсыздоодогу эӊ чоӊ кемчилик катары сугат суусуна болгон тарифтин гектарына деп белгилениши менен ар бир өсүмдүктөн өзүнүн жетилүү фазасына жараша суу ичпей калып жаткандыгын атады. «Био.kg» органикалык кыймылынын директору Искендербек Айдаралиев сугат суу менен камсыздоодо мындай темп менен кете берсек, бара-бара азык-түлүк коопсуздугуна терс таасири боло тургандыгын эскертти.

Жыйынга чакырылган СПА өкүлдөрү айыл өкмөттөрү менен СПАлардын ортосундагы тосмолорду алып салуу зарылдыгын, тариф маселесин дагы, акы төлөтүү механизмин дагы өзгөртүү керек деген пикирлери менен бөлүштү. Ошону менен катар сугат суу менен камсыздоодо адистердин тартыштыгы дагы курч тургандыгы кошумчаланды.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков айыл өкмөттөр тарабынан айтылган каналдарды оӊдоп-түзөөтүүнү түрткү берүүчү грантка киргизүү маселесин карап чыкса болоорун айтты.

СПАлардын алдындагы каналдардын кейиштүү абалы боюнча бир нече жолу маселе көтөргөн депутат Алмазбек Акматов маселени бир топ иликтеп чыккандыгын айтып, ички каналдарды натыйжалуу башкаруу маселесине ким жооптуу болушу керектигин КР Өкмөтүнө табыштоону сунуш кылып, Өкмөт бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун алып келүүсү керек дейт. Ошону менен катар Мамлекеттик каттоо кызматы өлкө аймагындагы ички каналдарды каттоого алып, жөнгө салуусу керектигин кошумчалады.

Комитет төрагасы Айтмамат Назаров “Суу пайдалануучулар ассоциациясы жөнүндө” мыйзам 2002-жылы кабыл алынып, ошондон бери мыйзамга маӊыздуу өзгөртүү киргизилбегендигине токтолуп:

“Жогоруда тизмектелген көйгөйлөр менен сунуштар сугат суу менен камсыздоо боюнча бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда. Андыктан, маселени ыкчамдатып, комитет Суу кодекси, Бюджеттик кодекс”, “Бузуулар жөнүндө” кодекс, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Суу пайдалануучулар ассоцияциясы жөнүндө” жана башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейбиз. Калкты сугат суу менен камсыздоо механизмдерин өзгөртүүгө мезгил жетти. Бүгүнкү жыйында мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштайм”,- дейт.

Жыйынтыгында СПАларды насыялык карыздарын төлөө маселесин караштыруу КР Өкмөтүнө тапшырылды. Талкууда айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү мыйзамдарга түзөтүү киргизүү багытында жыйынга чакырылган тараптардан турган жумушчу топ түзүү маселеси колдоого алынды. Ошону менен катар Өкмөттүн сугат суу менен камсыз кылуу жаатындагы иштери жетишсиз деп белгиленип, бир катар тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, тармактык комитеттин көчмө жыйынына комитет төрагасы Айтмамат Назаров, комитет мүчөлөрү Гүлнара-Клара Самат, Алмазбек Акматов, Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары орун басары Жаныбек Керималиев, Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков, Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, ошондой эле республиканын бир катар райондорунан келген жергиликтүү бийлик жетекчилери, СПА өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий