Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алууга катышкан Калкты тейлөө борборлору ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 9.00дөн 18.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, калкты тейлөө борборлору жети шаарда төмөнкү даректерде жайгашкан:
• Бишкек шаары, Ч. Валиханов көчөсү 2;
• Ош шаары, Т.Касымбеков көчөсү 8г/1;
• Нарын, В. Ленин көчөсү 39;
• Жалал-Абад шаары, Барпы Алыкулов көчөсү 1;
• Каракол шаары, Гебзе көчөсү 124;
• Баткен шаары, Мурат Салихов көчөсү 33/1;
• Талас шаары, Дзержинский көчөсү 28.
Аралыктан добуш берүүгө байланыштуу бардык суроолор боюнча - 1255 ишеним телефонуна чалсаңыз болот.
Пикир
Оставить комментарий