• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Калкты тейлөө борборлорунун бир катар функцияларын айыл өкмөттөргө берүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Калкты тейлөө борборлорунун бир катар функцияларын айыл өкмөттөргө берүү пландалууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар аркылуу документтерди кабыл алуу пункттары кеңейтилет.

"Калкты тейлөө борборлорунун функцияларын айыл өкмөттөргө берүүнү пландап жатабыз. Ал жакта жарандарга кызмат көрсөтүү үчүн операторлор иштешет. Маалыматтык коопсуздукту эске алуу менен калкты тейлөө борборунун айрым кызматтарын банктар тарабынан аутсорсинге которуу боюнча долбоорду да ишке киргизебиз. Муну менен биз документтерди кабыл алуу пункттарын кеңейтебиз”, - деди ал.

Мындан тышкары, санариптик өнүктүрүү министри калкты тейлөө борборлорунун ишин жеңилдетүү үчүн жакында “Түндүк” мобилдик тиркемесинде жарандарды жашаган жери боюнча онлайн-каттоо жана паспорт алууга онлайн-билдирме калтыруу санариптик сервиси ишке киргизилерин айтты.

“Бул демилге калкты тейлөө борборлорундагы узакка созулган кезектерди азайтып, мамлекеттик кызмат алуудагы жеңилдиктерди жаратат”, - деп кошумчалады Кутнаева.

Пикир

Оставить комментарий