• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Калктын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга программа бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 02.03.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду, ага ылайык Кыргыз Республикасынын калкынын психикалык саламаттыгын сактоо боюнча 2018-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүму билдирди.

Аталган чечим «Жаңы доорго кырк кадам» өкмөттүк программасын ишке ашыруу алкагында кабыл алынды.Программанын максаты психикалык саламаттыкты чыңдоо, психикалык жактан жабыркоону болтурбоо, жеткиликтүү медициналык жардамды камсыздоо жана жергиликтүү деңгээлде психикалык саламаттыкты сактоо боюнча ылдам, комплекстүү кызматтарды көрсөтүү системасын өнүктүрүү, адам укугун сактоо, психикасы бузулган адамдардын айыгып кетүүсүн тездетүү, ооруга чалдыгуусун жана майып болушун төмөндөтүү болуп саналат.

Андан тышкары Программаны ишке ашыруу боюнча беш жылдык мөөнөткө 35 иш чарадан турган баштапкы план бекитилди. Белгилей кетсек, психикалык саламаттыкты сактоо боюнча Программаны иштеп чыгуу менен тийиштүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун жана өлкөнүн бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топ иш алып барды.

Пикир

Оставить комментарий