• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Камбар-Ата-1 ГЭСи энергетикалык көз карандысыздыгыбызга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат – Акылбек Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСи жөн гана жаңы станция эмес – бул биздин энергетикалык көз карандысыздыгыбызга, экономикабызды өнүктүрүүгө жана элибиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча долбоорду" Дүйнөлүк банк колдоп жатат. Эсептөөлөрдүн натыйжасы долбоордун наркы күтүлгөндөн төмөн болорун көрсөтүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи Борбордук Азия регионун келечектеги күтүлүүчү экологиялык суу кризистеринин маалында суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга чоң өбөлгө болот.

"Биздин ГЭСтин мааниси эбегейсиз зор. Урматтуу депутаттар, ушул жерден айта кетчү бир сөз – биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна жана Камбар-Ата-ГЭСине алгачкы каражаттарды таап, млрддаган каражаттарды бөлүп, ТЭОсун жасап жиберүүгө жетишкендигибиз – Кыргызстандын ири долбоорлорду каржылоого мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин жана темир жолду салууда эрки жете тургандыгын башка мамлекеттердин жана дүйнөлүк финансылык институттардын алдында далилдеди. Ошол үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСин салууга өнөктөштөр чыкты”, – деди Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий