• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу үч мамлекет үчүн маанилүү кадам – Чоробай Акунов

Экономика 0

Бишкек, 11.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Казакстандын Астана шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын VI консультативдик жолугушуусунда Кыргызстандын экономикалык саясаты энергетика, тоо-кен жана транспорттук-транзиттик тармактарга басым жасарын белгиледи.

Алгач энергетика тармагына кайрылсак, 2023-жылдын аягында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын Энергетика министрликтеринин ортосунда “Камбар-Ата ГЭС-1” долбоору боюнча мекемелер аралык кызматташуу келишимине кол коюлган. Учурда тараптар өкмөттөр аралык макулдашуунун долбоорунун үстүндө иш алып барууда.

Энергетика тармагынын ардагери Чоробай Акуновдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу Кыргызстанга 1860 МВт электр энергиясын берүү менен Борбор Азияда электр энергиясынын жыштыгын үзгүлтүксүз жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

"Кыргызстанда электр энергиясы негизинен ГЭСтерде өндүрүлөт, ал эми коңшу өлкөлөрдө ЖЭБ аркылуу өндүрүлүп, көмүр же газ менен иштетилет да бул электр энергиясынын жыштыгын жөнгө салууну кыйындатат. Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин биргелешип куруу демилгеси үч мамлекет үчүн тең маанилүү кадам. Үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлүп, ал Камбар-Ата-1 ГЭСин башкарат, 34% Кыргызстанга таандык болсо, Казакстан менен Өзбекстанга 33%дан бөлүнөт. Курулушту ишке ашыруу боюнча жол картасына тараптар кол коюшкан. Аталган ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд кВт саат электр энергиясынын өндүрүлүшү күтүлүүдө. Алдын ала баалоо боюнча 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. “Камбар-Ата ГЭС-1” долбоору ишке ашса биринчи кезекте Кыргызстандын электр энергиясына болгон ички муктаждык жабылат, анткени учурда кошумча электр энергиясы Түркмөнстан, Казакстан жана Россиядан импорттолууда", - дейт Акунов.

Ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен Орто Азияда энергетика системасындагы жыштыктарды башкарууну Кыргызстан жогорку деңгээлде аткарып калары анык.

Ал эми аз көлөмдөгү электр энергиясын иштеп чыккан гидроэлектростанцияларды куруу экологиялык жактан таза экендиги маалым.

“Республиканын бардык облустарында чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат, бул тармакка кызыккан ишкерлердин санынын көбөйүшү жакшы көрүнүш. Кабыл алынган "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, чын эле чакан ГЭС куруу ниети бар ишкерлер, инвесторлор жер алып, каражаты болсо чакан ГЭС куруп иштетсе болот. Энергетикалык кубаттуулукту көбөйтүү маселеси курч тургандыктан, шамал, күн, гидроэлектр станциялары сыяктуу кайра жаралуу булактардан энергия алуу, чакан ГЭС куруу иштерин өнүктүрүү зарыл. Мамлекет бул багытты өнүктүрүүгө учурда бардык шарттарды түзүүдө", - дейт Чоробай Акунов.

Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу. Анткени биринчиден – рельеф мүмкүнчүлүк берет. Экинчиден электр энергиясын иштетип чыгууга ыңгайлуу суулар көп.

“Биз чакан дарыялардын потенциалын өздөштүрүүгө активдүү кириштик, бүткүл өлкө боюнча чакан жана орто гидроэлектрстанциялар курулууда. Биз бул жаатта кызматташууга чакырабыз жана бардык инвестициялык сунуштарга ачыкпыз", - деп президент Садыр Жапаров билдиргендей, бул багытка ишкерлерди тартуу менен өлкө экономикасын өнүктүрүүгө, энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий