• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору Ташкент инвестициялык форумунда көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек. 02.05.24. /Кабар/. Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстанда курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору, ошондой эле Чаткал ГЭСинин курулуш долбоору жана Кыргызстандын энергетикалык потенциалы тууралуу маалымат көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинен билдиришти.

Өлкөнүн энергетика тармагы тууралуу презентация КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаровдун жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун, ошондой эле эл аралык уюмдар менен каржы институтарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалын, Камбар-Ата-1 ГЭСинин жайгашкан орду менен башкы планын, долбоордун инвестициялык көрсөткүчтөрүн жана артыкчылыктарын, жалпы Борбор Азияда суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу жана аймактагы электр энергиянын рыногу жөнүндө айтып берди.

“Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө жогорку энергетикалык потенциалга ээ. Кыргызстанда өндүрүлгөн энергиянын дээрлик бардыгы “жашыл” болуп саналат, анткени ал гидроэнергетикадан алынат. Азырынча биз болгон потенциалыбыздын 13%га жакынын гана пайдалануудабыз. Жашыл энергетиканы өнүктүрүүдөгү глобалдык чакырыктарды жана тенденцияларды эске алуу менен КР министрлер кабинети инфраструктуралык энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга активдүү киришти. Бүткүл аймак үчүн маанилүү болгон Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча стратегиялык маанилүү ири долбоор өнүгүүнүн жаңы темпине ээ болууда”, - деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун Жол картасына кол койгон, адистердин айтымында Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоордогу жалпы кубаттуулугу 1860 МВт жетип, жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.

Ошондой эле форумдун панелдик сессиясында Чаткал дарыясына ГЭС куруу долбоору тууралуу айтылды.

“Чаткал дарыясына ГЭС каскаддарын, ошондой эле Нарын дарыясында Казарман ГЭС каскадын куруу боюнча энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Экономиканын негизги тармагы болгон энергетиканы өнүктүрүү үчүн өлкөбүзгө чет элдик инвестиция керек жана биз бул жаатта эң жакын кызматташууга даярбыз. Биз чет элдик компанияларды Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) курууга катышуусун карап көрүүгө чакырабыз”, - деди минкаб төрагасы.

Акылбек Жапаров ошондой эле энергетика тармагына өзгөчө маани берилип, Камбар-Ата-1 ГЭСи, Казарман ГЭС каскадын жана 500 киловольттук Кемин-Торугарт электр өткөргүч чубалгысын тартуу долбоорлоруна “улуттук” долбоор макамы ыйгарылганын кошумчалады.

Мындан тышкары, Ташкент эл аралык III инвестициялык форумунун катышуучулары үчүн Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан энергетикалык долбоорлор тууралуу жана өлкөнүн жалпы энергетикалык потенциалы тууралуу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги маалымат аянтасын уюштуруп, кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн мамлекеттик жогорку кызмат адамдары, ошондой эле бир катар ири эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк каржы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий