Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштери жүргүзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине баруучу жолду кеңейтүү боюнча жардыруу иштеринин жүрүшүнө катышты.

Жардыруу иштеринин жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев белгилегендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган Иш-чаралар планына ылайык, 352 739 метр куб аянтта казуу жана куруу-монтаждоо иштери, 1056 метр куб бетонду төшөө, 2500 метр узундуктагы электр линиясын тартуу, бургулоо жана жардыруу жумуштары жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, бүгүн Камбар-Ата – 1 ГЭСинин негизги объектилерине жана участкаларына баруучу жолду кеңейтүү үчүн жардыруу иштери пландаштырылган.

«Жолдун каршы тарабындагы жардыруу иштери Нарын дарыясынын нугун өзгөртүүгө жана инфраструктуралык объектилерди куруунун кийинки этабына коопсуз өтүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет», - деди Бакыт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, аталган иш-чараларды ишке ашырууга республикалык бюджеттен 1 млрд 555 млн сом бөлүнгөн.15:52

Пикир

Оставить комментарий