• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Камчаткадан келген делегат мигранттардын көйгөйлүү маселелерин айтты

Коом 0

Бишкек, 20.12.24./ Чолпон Жумалиева - Кабар/. Россиянын Камчатка аймагынан келген делегат, Камчаткадагы мекендештер автономиясынын төрайымы Нура Мееркулова III Элдик курултайга мекендештер үчүн маанилүү болгон сунуштары менен келген.

Анын айтымында, биринчи көйгөйлүү маселе Камчаткадагы миграцияда жүргөн мекендештерибиздин балдарынын медициналык камсыздандыруусунун жоктугу.

“Медициналык камсыздандыруу менен балдар эмдөө алышат, ооруп калса ооруканага жатышат. Анткени, балдар тез-тез оорушат. Ошондуктан балдарды камсыздандыруу маселесин көтөрдүк. Ал эми экинчиси өлкөдөн кетип бараткан мекендештерибиздин жашоолорун камсыздандыруу боюнча сунуш бердик, бул боюнча мыйзам киргизип берүүлөрүн сунуштадык. Анткени, ар кандай кырсыктар болуп, жарандар каза болуп калган учурлар бар. Үй-бүлөдө да түрдүү кырдаалдар болуп калышы мүмкүн. Мисалы, каза болуп калган жарандын жубайы же ата-энесине камсыздандыруу компаниялар каражат төлөп берсе жакшы болмок”, - деди Нура Мееркулова.

Делегат балдарды медициналык камсыздандыруу боюнча Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда келишим бар болгондуктан, президенттин деңгээлинде чечип берүүнү суранып келгендигин белгиледи.

Ал эми үчүнчү сунуш катары Россиядагы элчиликке, мамлекетке колго кол, бутка-бут болуп көмөктөшкөн диаспоралык уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгы белгиленди.

“Диаспоралык уюмдар нарктуулукту да көтөрүп, укуктук жактан да жардам берип, мекендештерибизди алыста ар дайым колдоп, баарынын башын бириктирип, иш жүргүзүп келишет. Ошондуктан, диаспоралык уюмдарды мамлекетибиз баалап, колдосо деген сунушубуз бар. Анткени, алар коомдук уюмдар катары эч жактан каржыланбайт. Жок дегенде мамлекет колдоп турса, алардын ишине стимул болмок”, - дейт Мееркулова.

Пикир

Оставить комментарий