• 87
  • 90.63
  • 0.79

Камчыбек Ташиев: Ар бирибиз кыргыз деген сөздүн чечмеленишин билишибиз керек

Коом 0

Бишкек, 02.12.24. /Кабар/. Ар бир кыргызстандык кыргыз деген сөздүн чечмеленишин билиши керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул биздин тарых жана келечек.

"Урматтуу мекендештер! Менин сиздерге кайрылуума бир олуттуу маселе себеп болуп жатат. Кечээ алыскы бир мамлекетте жумуш менен жүрсөм, ал жакта менден сурап калышты "кыргыз деген кайдан келип чыккан, биздин билишибизче кыргыздар айтат бул кырк кыз деген сөздөн чыккан деп, ушул чынбы деп". Мен айттым, "кыргыз деген сөз, кырылгыз, түгөнгүс анан кыргыз деп аталып калган деп". Эмне үчүн мен муну айтып жатам, себеби биз кыргыздар өзүбүз кыргыз деген сөздү туура чечмелегенди, башкаларга түшүндүрүп берүүнү үйрөнүп, билип алышыбыз керек, ар бир кыргыз мына ушуну сөзсүз билиши керек, бул биздин тарыхыбыз жана келечегибиз! Ал эми тарыхчыларыбыз да туура түшүндүрүп берет деген ойдомун", - деп жазды УКМК башчысы.

Пикир

Оставить комментарий