Камчыбек Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү

Коом 0

Бишкек, 02.01.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Ташиев жумуш 1-январда эле башталгандыгын айтып, күн мурун атайын кызматтын Ош жана Жалал-Абаддагы кызматкерлери менен жыйын өткөргөндүгүн билдирди.

"Бүгүн президенттин атынан Сузак райондук милициясына атайын техникаларды тапшырдым. Ошондой эле мамлекет башчынын тапшырмасы менен Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн курулушу менен тааныштым. Башкача айтканда, бизде жумуш токтобойт жана майрам деген болбойт", - деп, чет өлкөгө эс алууга кеткени тууралуу кабар жалган экендигин кошумчалады.

"Социалдык тармакта ар кандай маалыматтарды тарата беришет. Мен чет өлкөгө чыгып эч качан эс алган эмесмин. Туура, жумуш боюнча, саламаттыгыма байланыштуу чет өлкөгө чыгып калам", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий