• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Камчыбек Ташиев иш сапары менен Катарда жүрөт

Саясат 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Катар мамлекетинде жүрөт.

Катар бийлиги тарабынан Камчыбек Ташиевди расмий тосуп алуу аземин уюштурду.

Ташиев иш сапарынын алкагында Катардын вице-премьер-министри - коргоо министри Халед бен Мухаммед Ал-Атия менен жолукту. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө маселеси талкууланды. Ошондой эле жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери дагы катышты.

Халед бин Мухаммад Аль-Атия да Камчыбек Ташиевге заманбап курал-жарактардын үлгүлөрүн көрсөтүп, техникалык мүнөздөмөлөрү менен тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий