Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге Токмок шаарынан батир белек кылды

Коом 0

Бишкек, 27.05.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Белгилей кетсек, материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан КР жараны А.Бакалова буга чейин Камчыбек Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Анткени, көп балалуу үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан, көп жылдар боюу турмуштук кыйынчылыктарды башынан кечирип келген.

Мындан улам Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.

Өз кезегинде Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына өзгөчө токтолду. Буга байланыштуу УКМК төрагасына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Бакалова УКМК социалдык жактан муктаж жарандарга аяр мамиле жасап, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө ыкчам көмөк көрсөткөндүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий