• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жолугушту

Спорт 0

Бишкек, 21.02.24. /Кабар/. Күн мурун, 20-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев уюмдун Аткаруу комитетинин жаңы курамы менен жолугушту.

Уюмдун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Аткаруу комитетинин мүчөлөрү менен жакындан таанышып, биргеликте ишке ашырыла турган максаттарды белгиледи.

Андан сырткары, Ташиев жолугушуунун катышуучуларына атамекендик футболдогу негизги чечимдерди кабыл ала турган аткаруучу органдардын мүчөлөрү катары алардын жоопкерчилиги чоң экендигин эске салды.

Ташиев Кыргыз футбол союзунун Аткаруу комитетинин жыйынын 27-февралда чакыруу чечимин кабыл алды. Жыйындын күн тартибиндеги негизги маселелердин бири КФСтин башкы катчысын дайындоо болот.

Белгилек, азыркы учурда КФСтин башкы катчысын милдетин Нурайым Алымкулова аткарууда.

Эске салсак, уюмдун коллегиалдуу башкаруу органынын жаңы курамы 19-февралда өткөн кезексиз Конгрессте шайланган болчу. Бул курамдын мөөнөтү 2026-жылдын апрель айына чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий