• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Камчыбек Ташиев маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча пикирин билдирди

Коом 0

Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине берген интервьюсунда маркум Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы тууралуу комментарий берди.

— Мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун кыздарынын кармалышы боюнча маалымат тарады. Маалыматты райондук сот тастыктап, бир кызы камакта, бир кызы үй камагында экенин билдирди. Алар кайсыл иштин негизинде кармалды? Айрымдар мамлекет тарабынан жеке менчикке кол салуу болуп жатканын айтып чыгышты, бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Мен так кесе айтып коёюн, биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт. Анын баары мурунку замандарда калган, азыр андайга жол берилбейт.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары боюнча… Булар 2010-жылы Максим Бакиевге тиешелүү «Акылинвестбанкты” рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын “Капитал банк” деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери “Капитал банк” болуп иштеп келе жатат.
Мындан сырткары, илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй элдер үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чак ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан. Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып жаткан жокмун. Мамлекетке кайтартып жатам. Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты болсо сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз.

Дагы бир иш — Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, “Акун” деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да элдер жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат. Биз аны тартып алып жаткан жокпуз. “Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула” , - деп жатабыз.

“Азаттык” үналгысы эптеп эле кычык издейт. Маалыматты бурмалап берет. Ага көңүл бурбаш керек. Азыр эл өзү маалыматтын чын-төгүнүн таразалап ала турган убакта жашап жатабыз. Жумурткадан кыр издегендердин доору бүтүп баратат.

— Жогоруда айтылган мыйзамсыз алынган мүлктөрүн сактап калыш үчүн сизге “акча бергенбиз” , - деп да айтып жүрүшүптүр, буга эмне дейсиз?

— Туура, бизге да ошондой маалымат түштү, изилдей баштадык. Көрсө, өзүнүн эле 10 жылдан ашык жанында юрист болуп иштеген кызматкери: “Ташиев ишиңерди бүтүрүп берем деп акча сурап жатат”, - деп калп айтып, 5 млн доллар акчасын алдап алып алган. Азыркы убакта ал юристи күйөөсү экөө тең кармалды, тергөө иштери жүрүүдө, а мүмкүн дагы башка адамдардын катышы бардыр, убакыт көрсөтөт.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Андан калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү жана башкалар. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн — элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз.

Пикир

Оставить комментарий