Камчыбек Ташиев Олимпиадага жолдомо уткан балбандар жана машыктыруучулар менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 30.06.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Парижде өтө турган 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан бара жаткан грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев олимпиада оюндарына катышуучу балбандарга ийгилик каалап, күрөшчүлөрдүн ар бири жеңишке татыктуу экендигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, төрага өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен спорттун кайсыл түрү болбосун, ар бир тармакка өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү шарттар, муктаждыктар камсыздалып жаткандыгын кошумчалады.

Аны менен катар Кыргызстандын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы ар дайым алгылыктуу жеңиштерди тартуулап, өлкө желегин бийик желбиретип келгендигин эске алып, аларга өзгөчө көңүл буруу менен, мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтөөрү маалымдалды.

Камчыбек Ташиев алдыда боло турчу жайкы олимпиада оюндарында кыргыз балбандары өзгөчө жеңишке жетишет деген тилектештигин айтып, ак жол каалап, күрөшчүлөргө акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, Парижде өтө турчу 2024-жылкы жайкы олимпиада оюндарына Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу күрөш боюнча 10 жолдомо алынган.

Пикир

Оставить комментарий