• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолду декабрга чейин бүтүрүүнү тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарына кирүүчү альтернативдик жолдун курулушу менен таанышты.

Ал узундугу 3,5 чакырым жолдун курулуш иштеринин солгундап жатканын сындап, тийиштүү жетекчилерден ыкчам кыймылдап, жумуштун жүрүшүн тездетүүнү талап кылды. Жолдун курулушунун алкагында буздурулушу керек болгон турак жайлардын ээлерине мыйзам чегинде компенсация төлөп берүүнү жана түшүндүрүү иштерин да активдүү жүргүзүүгө тапшырма берди. Эгер жолдун курулуш иштери ушул жылдын декабрь айларында бүткөрүлбөсө тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертти.

“Бүгүн 12-ноябрь болду, дагы деле жүрөсүңөр. Бул эмне деген жоопкерсиздик? Кыш түшкөндө кыласыңарбы? Бир жумада жолду бүтүрбөсөңөр кар түшөт, асфальт төшөгөнгө мүмкүн болбой калат. Текшерттирип, айттырбай эле өзүңөрдүн жумушуңарды жасай бербейсиңерби”, — деди Ташиев.

Ал эми, Транспорт министрлигинин өкүлү коюлган мөөнөткө жумуштар аткарыларын билдирсе, президенттин Ош облусундагы ыйгарымдуу өкүлү иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып, уюштуруу иштерин тездетүү милдетин алды.

Пикир

Оставить комментарий