• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күйүүчү май сактаган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлдү - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Тимирязев көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу кампадан чыккан өрт саат 10:51де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы КР ӨКМнин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 суу ташуучу унаа, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучусу, мындан сырткары ИИМ, тез жардам жана РЭТ кызматкерлери тартылган.

Өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгымдары жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен Биринчи май районунун Темирязев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган кампадан ири өрт чыккан.

Пикир

Оставить комментарий