• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Канада: дүйнөдө алгачкы жолу электр энергия менен уча турган учак абага көтөрүлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Кечээ, 10-декабрда Канаданын Британиялык Колумбия провинциясында дүйнөдө алгачкы жолу электр энергия менен уча турган коммерциялык учак абага көтөрүлдү. Бул тууралуу Harbour Air Seaplanes компаниясы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Учакты Түндүн Америкадагы гидроучак өндүргөн "Harbour Air" авиакомпаниясы электр авиация тармагындагы "magniX" компаниясы менен биргеликте иштеп чыккан.

"Бүгүн компания дүйнөдө алгачкы жолу электр энергия менен уча турган коммерциялык учак абага көтөрүлгөнүн билдирди. Эртең менен Ричмонд шаарында алты орунга ылайыкташылган "de Havilland Canada DHC-2 Beaver" маркасындагы, magni500 кыймылдаткычынын күчү 750 ат күчүнө барабар учак асманга көкөлөдү. Бул ачылыш авиация тармагындагы үчүнчү доорунун башталышы болду", - деп айтылат маалыматта.

Компаниядан белгилегендей, учакты "Harbour Air" компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору Грег Макдугалл башкарган.

Пикир

Оставить комментарий