Канададагы кыргызстандыктар Торонто жана Монреалда консулдук кызмат ала алат

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Канаданын эки шаарында Кыргызстандын жарандарына консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу дипөкүлчүлүктөн билдиришти.

Торонто шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери 13-14-октябрда жүргүзүлөт. Иш-чара 56 Wilkie Lane, Ajax, ON, L1S 7S5 дареги боюнча, саат 10-00дөн 18-00гө чейин орун алат.

Ал эми Монреаль шаарында Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук тейлөө иштери 15-16-октябрда жүргүзүлөт.

Иш-чара 15-октябрда 414 Lafleur, LaSalle, Quebec, H8R 3H6 дареги боюнча, саат 10-00дөн 18-00гө чейин, 16-октябрда 390 Lafleur, LaSalle, Quebec, H8R 3H6 дареги боюнча саат 10-00дөн 17-00гө чейин өтөт.

Бул жолугушууда тийиштүү консулдук кызмат алууга мүмкүнчүлүк болот (жарандык паспортту алмаштыруу, ID-картаны жаңыртуу, мекенине кайтуу тууралуу күбөлүк жасоо жана башка керектүү нотариалдык кызматтар көрсөтүлөт).

Белгиленгендей, кайсыл бир документти алууга келердин алдында сөзсүз түрдө элчиликтин веб-сайтына баш багып өзүңүздөрдү кызыктырган документ боюнча толук маалымат менен алдын-ала таанышып, колуңуздарга веб-сайтта жазылган документтердин баарын топтоп алып келишиңерди эскертебиз.

Элчилик консулдук тейлөөгө катышуу тууралуу +1(416) 871-6472, +1(202) 256-2924 телефон аркылуу билдирип коюуну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий