• 86.8
  • 91.17
  • 0.82

Канатбек Осмонов Сот департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 14.11.24. /Кабар/. Канатбек Осмонов Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды

Ведомстводон билдиришкендей, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев Канатбек Осмоновду Сот департаментинин жамаатына тааныштырды.

Нурлан Мусаев Сот департаментинин директорунун жаңы орун басарына жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана анын орун басары Жылдыз Рыскулова кесиптешин кызматтан көтөрүлүшү менен куттуктап, ийгиликтерди кааларын билдиришти.

Белгилей кетсек, Канатбек Осмонов буга чейин Сот департаментинин соттук актыларды аткарууну камсыз кылуу башкармалыгынын Сот аткаруучулар кызмат бөлүмдөрүнүн ишин контролдоо боюнча бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

Пикир

Оставить комментарий