• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Кант кызылчасынын калдыгы тоют катары пайдалануу үчүн акысыз таратылууда – дареги

Коом 0

Бишкек, 05.12.24. /Кабар/. Кант кызылчасынын калдыгы натыйжалуу тоют катары пайдалануу үчүн акысыз таратыла баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, "Кошой" ААК тарабынан кант кызылчасынан чыккан кызылчанын калдыгын бекер таратылууда. Бул акция 15-декабрга чейин күчүндө болот.

Белгиленгендей, кызылчанын калдыгы мал үчүн пайдалуу тоют кошулмасы болуп эсептелет. Ал сиңирүү процессин жакшыртып, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Жомду жаңы же силос түрүндө колдонсо болот, бул малчылар үчүн универсалдуу азык болмокчу.

Министрлик фермерлерди жана малчыларды бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга чакырат.

Алуу шарттары:

Жом өз алдынча алып кетүү шартында берилет.

Дареги: Чүй облусу, Сокулук району, Шопоков шаары, Ленин көчөсү, 15.

Толук маалымат жана жомду алуу убактысын тактоо үчүн байланыш телефону: +996 704 313 270.

Министрлик фермерлерди жана малчыларды бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий