• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кант шаарындагы көчөдө жаткан аял мас абалында болуп чыкты - Чүй милициясы

Аймак 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Кант шаарындагы көчөдө жаткан аял мас абалында болгондугу аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-мартта тез жардам кызматына Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринде эс-учун жоготкон аял киши жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Медицина кызматкерлери окуя болгон жерге барганда аял киши спирт ичимдигин ашыкча ичип алып ууланып калганы аныкталган. Милиция тарабынан жарандын өздүгү аныкталган. Ал 1986-жылкы С.В., аттуу аял болуп чыккан.

"Учурда ал тиешелүү медициналык дарылануудан өткөндөн кийин үйүнө жиберилген", - деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИББнин маалыматында, көчөдө аял киши жатканы тууралуу милицияга кайрылуу келип түшкөн эмес. "Милициянын кызматкерлери аталган видеону соцтармактарга жайылтып, жергиликтүү тургундарды ызы-чууга салган адамдын өздүгүн тактоодо", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий