• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык кампаниянын ишмердүүлүгүн текшерди

Коом 0


Бишкек, 30.10.24. /Кабар/. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн текшергенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өзүнүн билдирүүсүндө жакында ипотекалык батирлер тууралуу суроолордун көптүгүнөн фейзбук социалдык тармагы аркылуу онлайн байланышка чыкканын белгиледи.

"Жакында фейсбук байланыш тармагы аркылуу онлайн байланышка чыккамын. Анда Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгү, батирлерди берүүнүн тартиби жөнүндө айтып бердим.

Биздин кызматкерлер тарабынан кандайдыр бир терс көрүнүштөр болсо, ачык айтыңыздар деп кайрылдым. Ошондо жарандарыбыздан “кезекти жылдырып коюп жатышат”-деген суроолор келип түшкөн.

Ыкчам реакция жасап, МИКтин ишмердүүлүгүн текшерип чыктым. Сиздерге так айтып коеюн, кезекке туруу тартиби боюнча: Эч ким кезекти жылдырып же өзгөртүп сала албайт. Система ушундай түзүлгөн, андайга жол берилбейт. Кандай гана маселе, суроо талаптар же нааразычылыктар болсо мен ыкчам көңүл бурам", - деп жазган ал.

Пикир

Оставить комментарий