• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

«Канжар - 2021» кыргыз-индиялык машыгуусу өтүүдө

Коом 0

Бишкек 27.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 10128 аскер бөлүгүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 2021-жылга карата башкаруу органдарынын, кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин күжүрмөн даярдоо Планына ылайык, республикасынын аймагында кыргыз-индия биргелешкен «Канжар – VIII» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусунун ачылышы болуп өттү.

Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, машыгууда Кыргыз Республикасын КР КК Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти жана Индия мамлекетинин атайын багыттагы кошуундарынын аскерлери катышат.

Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышат.

Биргелешкен тренингдин планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыктары боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдуу шарттарга кептелгендеги жашоо аракетинин техникалары боюнча практикалык сабактар жүргүзүлөт.

Машыгуунун маданий программасынын алкагында индия аскер кызматчылары өлкөнүн тарыхый баалуулуктагы жерлери менен тааныштырылат.

Машыгуу буга чейинки окутуудагы бардык сабактарды практикалык бышыктоолор менен көрсөткөн тактикалык эпизод аркылуу жыйынтыкталат.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы кошуундардын «Канжар» биргелешкен машыгуусу аскер ведомстволор аралык эки достук мамлекеттеринде жыл сайын өтүүдө.

Былтыры машыгуу Индиянын аймагында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий