“Канжар VIII” кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде 10128 аскер бөлүгүнүн базасында кыргыз-индия биргелешкен «Канжар VIII» атайын багыттагы күчтөрүнүн машыгуусунун жабылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган машыгууга КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүгүнүн аскердик контингенти жана Индия мамлекетинин атайын багыттагы кошуундарынын аскерлери катышты.

Эки жума бою кыргызстандык жана индиялык атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн аскер кызматчылары тоолуу шарттарда мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операцияга киргизүүгө даярдоонун маселелерин иштеп чыгышты.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы кошуундардын “Канжар” биргелешкен машыгуусу аскер ведомстволор аралык эки достук мамлекеттеринде жыл сайын өтүүдө. 2019-жылы Индиянын аймагында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий