• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кара-Сууда ДЭУнун активдүү мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында 1973-жылы туулган К.Ш.Н. аттуу чет өлкөлүк жаран кармалды. Аталган К.Ш.Н. "Хизбут-Тахрир" ДЭУнун активдүү мүчөсү болуп, 2002-жылдан бери коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран 20 жылдан бери Кара-Суу районунун аймагында жашырынып жүргөнү, "Хизб ут-Тахрир" ДЭУнун айрым активдүү мүчөлөрү менен байланышта болгону аныкталды.

Жүргүзүлгөн түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө К.Ш.Н. радикалдык-экстремисттик идеологиянын зыяндуулугун толук түшүнүп, тыюу салынган диний уюмга мындан ары мүчө болуудан баш тартты.

Ошондой эле ал расмий түрдө жарандарды тыюу салынган уюмдардын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий