Бишкек, 03.12.24. /Кабар/. Капарбек Адиев Бишкектин Свердлов районунун акими болуп дайындалды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Айбек Жунушалиев жаңы акимге районду өнүктүрүүгө багытталган бир катар милдеттерди койду. Айрыкча, базарларга, тротуарларды курууга жана жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.
Капарбек Адиев буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунун башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын кызмат ордуна дайындоо үчүн сунушталган кадрлардын региондук резервинде турат.
Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов ээлеген кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.
Пикир
Оставить комментарий