Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Коргоо министрлигинин кайра түзүлүшү жаңы чакырыктарга жана тобокелдиктерге ыкчам жооп берүүгө мүмкүндүк түзөт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Жаныбек Капаров президенттин кол койгон «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгына комментарий берип жатып билдирди.
«Албетте кайра түзүлүү дагы бир максатты көздөйт, анткени, аскердик иш бир ордунда турбайт. Курал, согуш аракеттерин киргизүү ыкмалары жана жолдору өнүгүп жаткандыгын баарыбыз көрүп жатабыз. Ошондуктан да биз жаңы чакырыктарга жооп берүү максатын көздөйбүз деп айтууга болот», - деди Капаров.
Пикир
Оставить комментарий