• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Кар көчкүнүн алдында калган баланын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-апрель күнү саат 09:20да Алай районунда кар көчкүнүн алдында калган баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү болжол менен саат 13:30да Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп, дайынсыз жоголгон.

Бүгүн жеринде издөө иш-чаралары улантылып, КР ӨКМнин Алай районунун бөлүм башчысы, жергиликтүү тургундардан 20 адам, "Ош-Пирим-Транс" ЖЧКдан 1 экскаватор тартылган. Саат 09:20да баланын жансыз денеси кар көчкүнүн астынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий