• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кара-Балта шаарына жакын жерден курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Кара-Балта шаарына жакын жерден курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Кара-Балта шаарына жакын жерден ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын сакталган жайы аныкталып, анда белгисиз үлгүдөгү арааланган жылмакай мылтык - 2 даана, 1 даана (болжолдуу ТОЗ-8 маркасындагы) мылтык, 4 даана белгисиз модификациядагы тапанчалар, 7, 62х54 – калибрдеги патрондор – 39 даана (анын ичинде трассердик жана броне – тешүүчү октор), 16-калибрдеги патрондор – 15 даана, 9 мм калибрдеги травматикалык октор-5 даана, 18х45 калибрдеги октор-4 даана, бычактар - 2 даана жана 2 даана DVD– дисктер табылган.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун, диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда. Ошондой эле ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы эскертилет.

Пикир

Оставить комментарий